Сереп салуу
ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Президент Эрдоган: «НАТОнун Анкара саммити тажрыйба алмашуу үчүн эң күчтүү платформа болот»
Президент Режеп Тайип Эрдоган альянс боюнча «шартсыз» коопсуздук жана коргонуу тармагын түзүүгө чакырды.
Президент Эрдоган: «НАТОнун Анкара саммити тажрыйба алмашуу үчүн эң күчтүү платформа болот»
Президент Режеп Тайып Эрдоган Стамбул шаарында НАТОнун парламенттик спикерлеринин урматына уюштурулган түшкү сый тамак учурунда сөз сүйлөөдө. 29-июнь, 2026-жыл. / AA

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган 7-8-июлда Анкарада өтө турган НАТО саммити «тажрыйба алмашуу үчүн эң күчтүү платформа» болорун билдирди.

Дүйшөмбү күнү Стамбулда НАТОнун парламенттик лидерлеринин урматына уюштурулган түшкү тамакта сөз сүйлөгөн Эрдоган Анкара союздаштары менен «аймактык кризистерди башкаруудагы өзгөчө жөндөмүн» жана альянстын ичиндеги көп жылдык тажрыйбасын бөлүшөрүн белгиледи.

Стамбулда өткөн НАТОнун парламенттик саммитиндеги сөзүндө президент Эрдоган катышуучулар менен континенттердин жана маданияттардын кесилиши болгон Стамбулда жолугушканы үчүн чоң кубанычта экенин билдирди.

НАТОнун парламенттик саммитинин жемиштүү өтүшүн каалаган президент Эрдоган саммитке салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдирди.

Президент Эрдоган бул маанилүү жолугушуу 7-8-июлда Анкарада өтө турган НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитине чейин өзгөчө мааниге ээ деп эсептей турганын билдирип: «Мен бул саммитти уюштурууга салым кошкондорду куттуктайм, мен аны союздаш өлкөлөрдүн парламенттеринин ортосундагы кызматташтыктын жана тилектештиктин көрүнүктүү символу катары көрөм жана ишиңиздерге ийгилик каалайм», - деп кошумчалады.

ТийиштүүTRT Кыргызча - Түркия биринчи жолу НАТО жана Европа Биримдигине мүчө өлкөгө согуштук кемелерин экспорттоду

Президент Эрдоган андан ары: «Европа-Атлантика коопсуздугу тарыхый бурулуш учурун башынан кечирүүдө. Согуш, кризис, терроризм жана мыйзамсыз миграция сыяктуу коркунучтар, айрыкча Альянсыбыздын чыгыш жана түштүк-чыгыш чек араларындагы коркунучтар коопсуздук жөнүндөгү түшүнүгүбүздү кайрадан калыптандыруу зарылдыгын жаратууда. Эски үлгүлөр жана алдын ала түшүнүктөр бир-бирден жок кылынып жатканда, алардын ордуна эмне келери же эмне менен алмашары азырынча белгисиз. Биз туруктуулуктун ордуна чыңалуу күчөп, тартиптин ордуна башаламандык, алдын ала айтуу азайып, эртең менен эмне болорун эч ким алдын ала айта албаган белгисиздик мезгилиндебиз», - деп сереп салды.

ТийиштүүTRT Кыргызча - Трамп: "Түркиядагы НАТО саммитине Эрдоган үчүн катышып жатам"

Президент Эрдоган азыркы геосаясий теңдеме НАТОнун ролунун маанисин жогорулаткандыгын баса белгилеп: «Түркия катары биз жаңы доордун рухун эң жакшы түшүнгөн өлкөлөрдүн бирибиз. Кризистик аймактар менен 1800 километрден ашкан кургактык чек арасы бар Түркия, күчтүү армиясы, заманбап аскердик мүмкүнчүлүктөрү жана өнүккөн коргонуу өнөр жайы менен 70 жылдан ашык убакыттан бери НАТОнун коопсуздугуна салым кошкон союздаштардын алдыңкы сабында турат. Биз НАТОнун миссияларына активдүү катышып, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоону колдойбуз. Биз аймактык кризистерди башкаруудагы өзгөчө жөндөмүбүздү да, НАТОдогу чоң тажрыйбабызды да союздаштарыбыз менен бөлүшөбүз. Анкара саммити тажрыйба алмашуу үчүн эң күчтүү платформа болот»,-деп айтты.

Президент Эрдоган Анкара саммитине союздаштар арасында гана эмес, дүйнө жүзү боюнча да чоң кызыгуу байкалып жатканын белгилеп: «Парламент мүчөлөрү катары сиз эң негизги адам укуктарынын бири болгон жашоо укугун камсыз кылуу сыяктуу абдан маанилүү жоопкерчиликти аласыз. Элдерибиз келечек муундардын тынчтыкта, бакубаттуулукта жана бейпилдикте жашашын камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүнү талап кылышат. Саммиттен күткөн негизги нерсебиз - ал союздаштардын улуттук коопсуздук сезимталдыгын эске алган жана союздаштык тилектештикти жана биримдик рухун бекемдеген натыйжаларды берет»,деген көз карашын бөлүштү.он шартта узак мөөнөттүү тынчтыктын мүмкүн эместигин белгиледи.

ТийиштүүTRT Кыргызча - Түркиянын коргоо министринин орун басары: "Европанын коопсуздугу Түркиясыз чоң коркунучта"
Иликте
Россия Украинанын дрондоруна каршы жасалма интеллекттүү абадан коргонуу системасын жайгаштырат
Трамп: "Иран менен эртең Дохада жолугушуу болот"
Катарда тоңдурулган 12 миллиард долларлык активдердин 6 миллиард доллары Иранга кайтарылат
Сауд Арабиясында Aramco компаниясынын тик учагы кырсыкка учурап, 14 адам каза болду
Ооганстан менен Пакистанда катуу жер титирөө болду
Киев баллистикалык ракеталык чабуулга кабылды; Орусиянын мунай иштетүүчү заводуна сокку урулду
Орус ракеталары жана дрондору Украинадагы Нафтогаз энергетикалык заводдорун бомбалады
Буркина-Фасо Франция менен диплоаматиялык карым  - катнаштарын үздү
НАТО Парламенттик саммитине 20 парламент спикери катышат
Венесуэладагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 900дөн ашты, издөө-куткаруу иштери уланууда
Ормуз кысыгынан бардык түрк желектүү кемелер менен бирге 100дөн ашуун кеме эвакуацияланды
Түркия менен Словения эки тараптуу карым - катнаштарды бекемдөө боюнча чечкиндүүлүктөрүн тастыкташты
Түркиядан Венесуэлага кызмат көрсөтүү жана гуманитардык жардам топторун ташыган учак жолго чыкты
Түркияда жергиликтүү өндүрүштөгү жүрөк-өпкө аппаратын колдонуу менен алгачкы операция жасалды
Казакстан Карачаганак кениндеги өндүрүштү азайтты