Иран армиясы АКШнын аскерлери жана учактары жайгашкан Кувейт менен Бахрейндеги аскердик базаларга жана борборлорго камикадзе тибиндеги дрондор менен чабуул койгонун жарыялады.
Иран армиясынан жасалган жазуу түрүндөгү маалыматта : “Иран армиясы Чагылган операциясынын онунчу этабында бир канча саат мурун Кувейт жана Бахрейндеги террорист АКШ армиясынын радар жана коргоо системаларын кыйратуучу учкучсуз учуучу аппараттар менен бутага алды", - деп айтылды.
Чабуулдардын алкагында Кувейттеги Али эс-Салем аба базасында АКШнын радар системалары, Патриот аба коргонуу системалары менен күйүүчү май кампалары бутага алынганы белгиленди.
Бахрейндеги Шейх Иса базасында «Super Hawk» радарлары жана Патриот системалары, ошондой эле байланыш жана радар системаларынын дрон чабуулдары менен бутага алынганы айтылды.
Андан тышкары, АКШнын учактарды колдоочу бөлүмдөрү жайгашкан Бахрейндеги база Иран армиясы жана Революциялык гвардия тарабынан жасалган дрон жана ракеталык чабуулдарда олуттуу зыянга учураганы маалымдалды.



















