Сириянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкери Дейр-эз-Зор-Дамаск жолунда эки жүргүнчү ташуучу автобустун кагылышуусунан 35 адам каза болуп, 30 адам жаракат алганын жарыялады.
Сириянын мамлекеттик SANA маалымат агенттиги Ички иштер министрлигине шилтеме жасап билдиргендей, ишемби күнү болгон кырсыкта Ички коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлерин ташыган автобус жана жарандык жүргүнчү ташуучу автобус кагылышкан.
SANA агенттигинин маалыматына караганда, Коргоо министрлигине таандык тик учактар жаракат алгандарды эвакуациялоого жана сөөктөрдү алып келүүгө жардам берди, ал эми жаракат алгандар жана каза болгондордун сөөгү Пальмира аэропортунан Хомс шаарындагы аскердик ооруканага жеткирилди.
Тышкы иштер министри Асад Хасан аш-Шейбани каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.
Түркия да кырсыктан кийин Сирияга көңүл айтты.
Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө Анкаранын кырсыкта каза болгондорго "терең кайгырганы" билдирилди.
Билдирүүдө: "Кырсыкта каза болгондорго Кудайдан ырайым тилейбиз, үй-бүлөлөрүнө жана Сирия элине көңүл айтабыз", - деп айтылды.




















