Президенттиктин инвестиция жана каржы кеңсеси тарабынан өткөрүлүп, Өнөр жай жана технология министрлигинин стратегиялык өнөктөштүгү менен уюштурулган глобалдык технологиялык GITEX иш-чарасы Стамбулда биринчи жолу эшигин ачты. Иш-чаранын алкагында 70 өлкөдөн келген ишкерлер, инвесторлор жана технология лидерлери чогулушту.
Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн Президенттиктин инвестиция жана каржы кеңсесинин коммуникация бөлүмүнүн башчысы Гөкхан Йүжел Түркиянын жасалма интеллектти трансформациялоодо күчтүү позициясы бар экенин баса белгиледи.
Түркия жөн гана көпүрө эмес, дүйнөнү байланыштырган стратегиялык кесилиш экенин айткан Йүжел, күчтүү өнөр жай мүмкүнчүлүктөрү, квалификациялуу жаш калкы жана миңден ашык жасалма интеллект компаниялары менен Түркия өзүнүн технологиялык максаттарын глобалдык экономикалык баалуулукка айландырууга чечкиндүү экенин билдирди.
GITEX башчысы Билал Алраис болсо иш-чара Түркиянын санариптик инновациялык инфраструктурасын эл аралык инвесторлор менен бириктирип жатканын маалымдады.
Эки күндүк иш-чарага 300дөн ашык компания жана демилгечи, 150 глобалдык баяндамачы жана 100 миллиард доллардан ашык активдерди башкарган 100дөн ашык инвестор катышууда. Программада ошондой эле Turcorn 100 программасына кирген жергиликтүү компаниялар, алдыңкы технологиялык парктар жана эл аралык технологиялык гиганттар өзүн көрсөтүүдө.

















