Эмине Эрдоган 19-Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамына карата куттуктоо билдирүүсүн жарыялады.
СУНУШТАЛАТ
Эмине Эрдоган социалдык медиадан бөлүшкөн билдирүүсүндө төмөнкүлөрдү белгиледи: "19-Май – эң оор күндөрдө да үмүтүн үзбөгөн эрктин, көз карандысыздык үчүн башталган улуу күрөштүн аты. Бүгүн ошол рухту жүрөгүндө сактап келе жаткан түрк жаштарынын акыл-эси, абийири жана эрдиги менен эртеңки күндү курууну улантуусун каалайм. 19-Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамыбыз кут болсун."






















