АКШ Борбордук Командачылыгы (CENTCOM) Иранга каршы 6 күндөн бери уланып жаткан чабуулдардын акыркы этабы кечээ түнү аяктаганын жарыялады.
CENTCOMдун жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө: "CENTCOM АКШ Чыгыш убактысы боюнча саат 21:40та Иранга карата баштаган акыркы чоң чабуулдарын",- деп айтылды.
АКШнын Ирандын жээк күзөтү жана абадан коргонуу позициялары, аскердик логистикалык инфраструктурасы жана деңиз жөндөмдүүлүктөрү сыяктуу аскердик объектилерди согуштук учактар, дрондор жана согуштук кемелер менен аткандыгы белгиленген билдирүүдө, мунун АКШнын Иранга карата чабуулдарынын алтынчы түнү болгондугу баса белгиленди.
Билдирүүдө учурда Жакынкы Чыгышта 50 000ден ашык америкалык аскердин жайгаштырылганы белгиленди.
CENTCOM кечээ Түркия убактысы боюнча саат 21:00дө Иранга каршы жаңы аба соккуларынын башталганын жарыялады.
Иран маалымат каражаттары АКШнын аскерлери Иранга каршы чабуулдардын жаңы толкунун жарыялагандан кийин, буталардын арасында Ираншахр аэропорту жана Хамидия шаары, Бандар-Аббастагы көпүрөнүн бутага алынганын билдиришти.



















