Кытайдын түштүк-батышындагы Сычуань провинциясындагы айылда бир үйдүн дубалы кулап, беш адам каза болду.
"Синьхуа" агенттигинин маалыматы боюнча, Ибинь префектурасынын Чаннинг округундагы бир айылда бир үй-бүлөнүн баласы университетке кирүү экзаменинен өткөндөн кийин өткөргөн майрамдык иш-чара учурунда үйдүн дубалы кулады.
СУНУШТАЛАТ
Дубал кулап, беш адам каза болду жана 17 адам жаракат алды.
Бийлик өкүлдөрү окуя болгон жерде үч адамдын каза болгонун, эки кишинин медициналык кийлигишүүгө карабастан куткарыла албаганын жана жаракат алган 17 адамдын ооруканага жеткирилгенин билдиришти.
























