Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) 2025-жылы гуманитардык кызматкерлерге каршы зомбулук рекорддук деңгээлге жеткенин белгилеп: “Газа 186 гуманитардык жардам кызматкеринин өлтүрүлүшү менен үч жыл бою эң коркунучтуу аймак болууну улантууда», — деп билдирди.
Бириккен Улуттар Уюмунун Гуманитардык иштерди координациялоо боюнча башкармалыгы (UNOCHA) 19-августтагы Дүйнөлүк гуманитардык жардам күнүнө карата жаңы отчет жарыялады.
Отчетто: «2025-жылы 907 кесиптештин өлтүрүлүшү, жаракат алышы же уурдалышы менен гуманитардык жардам кызматкерлерине карата зомбулукта жаңы рекордго жетишилди”,- деп айтылды.
Өткөн жылы гуманитардык жардам кызматкерлеринин арасында каза болгондордун саны бир аз азайып 350гө түшкөнүнө карабастан, зомбулуктун жалпы деңгээли төмөндөбөгөнүнө көңүл бурулган отчетто, расмий маалыматтар боюнча кол салууларда 322 жардам кызматкери жаракат алып, 235и уурдалганы белгиленди.
Отчетто: "Газа үч катары менен эң коркунучтуу аймак бойдон калууда, 186 гуманитардык жардам кызматкери өлтүрүлдү. Андан кийин Суданда 71 жардам кызматкери өлтүрүлдү. Дүйнө жүзү боюнча 2026-жылы ушул убакка чейин 82 жардам кызматкери өлтүрүлүп, 97си жаракат алып, 39у уурдалган", - деп билдирилди.
Куралдуу учкучсуз учуучу аппараттардын көбөйүшү да өзгөчө тынчсыздандыруучу абал экендиги баса белгиленген отчетто гуманитардык жардам кызматкерлери барган сайын дрондордун бутасына айланып жатканы билдирилди.
Отчетто БУУнун Башкы катчысынын орун басары жана Өзгөчө кырдаалдар боюнча жардам координатору Том Флетчердин: «Үч жылдын ичинде эле 1000ден ашуун жардам кызматкери өлтүрүлдү, бул кабыл алынгыс нерсе», — деген пикири орун алды.
Бул маалыматтарды жөн гана жарыялоо кийинки жардам кызматкерин коргоо үчүн жетишсиз экенин баса белгилеген Флетчер мамлекеттерди эл аралык гуманитардык укукту колдоого, жарандар менен гуманитардык жардам кызматкерлерин коргоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга чакырды.
























