Иран парламентинин төрагасы Мухаммед Бакыр Калибаф расмий жолугушуулар үчүн барган Иракта алгач Революциялык гвардия армиясынын Кудс күчтөрүнүн мурдагы командири Касем Сүлейманинин эстелигин зыярат кылды.
Иран парламентинин төрагалыгынын Telegram каналындагы билдирүүдө, Калибаф анын коштоосундагы делегация менен бирге Багдад аэропортундагы Сүлейманинин эстелигин зыярат кылганы белгиленди.
СУНУШТАЛАТ
Калибафтын Иракка сапарынын 2 күнгө созулары күтүлүүдө.
2020-жылдын 3-январында Ирактын борбору Багдаддагы эл аралык аэропортко жакын жерде АКШ тарабынан жасалган кол салууда Иран Революциясынын Сакчылар корпусунун Кудс күчтөрүнүн командири Касем Сүлеймани жана Хашд аш-Шааби уюмунун төрага орун басары Абу Махди аль-Мухандис каза болгон.




















