ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Россиянын Украинага жасаган кол салуусунда жети киши каза болду
Киевге жакын коргонуу өнөр жайынын иш - чарасына карата ракеталык кол салуу тууралуу шалакылык боюнча териширүү башталды.
Россиянын Украинага жасаган кол салуусунда жети киши каза болду
2026-жылдын 25-июлунда Украинанын түндүгүндөгү Сумы шаарындагы почта бөлүмүнө орусиялык дрон сокку уруп, эки адам каза болду. / Reuters

Россиянын Украинанын чыгышындагы Cлованяск шаарына башкарылуучу бомбалар менен жасаган кол салууcунда беш киши каза болуп, кеминде  15 киши жаракат алды.

Латвия кол салууда Словянск шаарындагы ардактуу консулдугунун жабыркаганын жана эки кызматкердин жаракат алганын билдирди.

Сумыдагы почта бөлүмү аткыланды

Ишемби күнү Украинанын түндүгүндөгү Сумы шаарындагы  бир почтага жасалган кол салууда эки киши каза болду.

Сумы аскердик администрациясынын башчысы Сергей Кривошеенко почта бөлүмүнө реактивдүү дрондун келип тийгенин айтып, каза болгондордун бири 49 жаштагы эркек киши экенин жана экинчисинин ким экенин аныктоо иши жүргүзүлүп жатканын айтты.

Украинанын түштүгүндө Запорожьедеги башка бир кол салууда бир киши жаракат алды.

Бучадагы чабуул боюнча шалакылык иликтенип жатат

Россия жума күнү Киев облусунун Буча районундагы коргонуу өнөр жайынын өкүлдөрү катышкан иш-чара өтүп жаткан атайын машыгуу аянтына баллистикалык ракета менен сокку урду.

Кол салууда  кеминде  10 киши каза болуп, болжол менен  100 киши жаракат алды.

Украиналык прокурорлор иш -  чаранын согуш учурунда жана калктуу конуштарга жакын жерде мындай иш-чараны уюштуруудагы шалаакылыкты иликтөө боюнча тергөө ишин баштады.

Москва болсо Россиянын жерлерине карата кол салууларда колдонулганы айтылган дрондор көргөзмөгө коюлган жерди бутага алганын билдирүүдө.

Иликте
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди
Түркия Жер Ортолук деңизиндеги байыркы шаарда 2000 жылдык негизги жолду ачыкка чыгарууда
БУУ:2026-жылдын биринчи жарымында Россия-Украина согушунда карапайым калктын өлүмү 37% өстү
Дүйнөлүк башаламандык шартында АСЕАН биримдикке чакырган маанилүү саммит баштады
Лавров Түндүк Кореянын Тышкы иштер министри  Цой Сон Хи менен жолугушту
АКШ Иранга каршы жаңы чабуулдарды баштады жана Иранда көптөгөн жарылуулардын болгону билдирилди
Түркия: "90 жылдан бери Монтрё кысыктары конвенциясын кылдаттык менен ишке ашырып келе жатабыз"
Президент Эрдоган: "Биз Кипр түрк элин эч качан адилеттүү күрөшүндө жалгыз калтырбайбыз"
Түркия ТКТРнын кызыкчылыктарын коргоону улантарын билдирди
Хакан Фидан: «Каалообуз эртерээк Иран менен Американын  келишимге кайтып келиши»
АКШнын Иранга карата жасаган чабуулдары 9-түнүндө улантылды
Дүйнөлүк кубоктун ээси Испания
Тышкы иштер министри Фидан катардык кесиптеши менен жолугушту