Кремлдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков Украинанын президенти Владимир Зеленский чалса, Орусиянын президенти Владимир Путин телефонго жооп берерин айтып, «Путин эч качан сүйлөшүүдөн баш тарткан эмес» деп кошумчалады.
Ушаков бул сөздөрдү Орусиянын «Россия» телеканалына Украина кризисин чечүү боюнча маалымат берип жатканда айтты.
Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) борбору Абу-Дабиде пландаштырылган үч тараптуу сүйлөшүүлөргө европалык өкүлдөрдүн катышуу мүмкүнчүлүгүн баалаган Ушаков: «Биз америкалыктар менен жумушчу деңгээлде байланыштабыз. Ошондуктан, сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунддарын үч тараптуу форматта өткөрүү максатка ылайыктуу», - деди.
Юрий Ушаков Украинанын президенти Зеленский Москвада Орусиянын президенти Путин менен жолугуша аларын белгилеп: «Ал ар кандай булактар аркылуу сигналдарды жөнөтүп жатат. Ал ушунчалык көп жолугушкусу келип жатса, келсин», - деди.
Зеленский чалса, Путин телефонго жооп береби деген суроого Юрий Ушаков: «Менимче, Путин жооп берет. Путин жолугушуудан эч качан баш тарткан эмес», - деп жооп берди.





















