Yonhap агенттигинин маалыматы боюнча, Ли Түштүк Кореянын 1910-1945-жылдар аралыгындагы Япониянын колониялык бийлигинен бошотулушунун 81 жылдыгына арналган эскерүү аземинде сөз сүйлөдү.
Ли: "Бири-бирибизди коркутуу ниетибизди бир четке таштап, көпкө созулган жаңжалды токтотуу үчүн түздөн-түз катышкан тараптар катары сүйлөшүүлөрдү баштайлы. Бул процессте биз Түндүк Кореянын ядролук мүмкүнчүлүктөрүнүн өнүгүшүн токтотуунун натыйжалуу жолдорун да талкуулай алабыз", - деди.
Чыңалууну токтотуу жана «туруксуз ок атышууну токтотуу системасын» тынчтык режимине алмаштыруу үчүн аракет кылаарын айткан Ли, жарым аралдагы тынчтыктын Түндүк-Чыгыш Азиядагы туруктуулукту жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле өзөктүк куралдан эркин дүйнөгө салым кошууга жардам берерин баса белгиледи.





















