Индиянын түндүгүндөгү гидроэлектр станциясынын туннелин куруу учурунда суу жана таштандылардын толушу менен 7 адам каза болуп, 10 адам жаракат алды.
Жетекчилер кечээ кечинде Уттарханд штатынын Чимоли районундагы гидроэлектр станциясынын туннель курулушуна суу жана таштандылар толуп, 20дан ашуун жумушчу камалып калганын билдирди.
Аймактагы саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин бири, доктор Аюш, эртең мененки сааттарда басма сөзгө берген билдирүүсүндө, туннелден чыгарылган 7 адамдын каза болгонун, жаракат алган 10 адамдын дарыланып жатканын билдирди.
Окуядан кийин туннелде кеңири издөө-куткаруу иштери башталды.
Уттаракханд штатынын башкы министри Пушкар Сингх Дхами X социалдык тармагындагы баракчасында: «Туннелде камалып калган башка жумушчуларды аман-эсен алып чыгуу үчүн куткаруу иштери тынымсыз улантылууда», — деп билдирген.
























