ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Малайзиянын мурдагы премьер-министри Наджиб үй камагына чыгуу үчүн 12 миллион доллар айып пул төлөдү
Камактагы мурдагы премьер-министр шарттуу королдук мунапыс алуу үчүн талап кылынган 12 миллион доллар айып пулду төлөгөндөн кийин, которуу документтерин күтүп жатат.
Малайзиянын мурдагы премьер-министри Наджиб үй камагына чыгуу үчүн 12 миллион доллар айып пул төлөдү
Малайзия соту мурдагы премьер-министр Наджиб Разактын 15 жылдык абак жазасын аткарууну токтото туруу өтүнүчүн карайт

Малайзиянын камактагы мурдагы премьер-министри Наджиб Разак жазасынын калган бөлүгүн үй камагында өтөөсүнө мүмкүндүк берген корлдук мунапыстыктын шарты катары 50 миллион ринггит (12 миллион доллар) айып пул төлөдү. Бул тууралуу партиясы жума күнү билдирди.

73 жаштагы Наджиб Разак учурда жоюлган мамлекеттик активдер фонду — 1Malaysia Development Berhad (1MDB) менен байланышкан чуулгандуу окуядагы ролу үчүн түрмө жазасын өтөп жатат.

Бириккен Малайзиянын Улуттук уюму (UMNO) билдирүүсүндө 12 миллион доллар өлчөмүндөгү айып пулду төлөө боюнча бардык жол-жоболор жума күнү эртең менен Куала-Лумпурдун Жогорку сотунда аяктаганын маалымдады.

Партия ошондой эле айып пулду төлөө үчүн коомчулуктан каражат чогултуп келген «Наджиб Разактын тилектештик фондунун» иши токтотулганын жарыялады.

Билдирүүдө: «Мындан ары бул максатта коомчулуктан кайрымдуулук үчүн чогултуунун зарылдыгы жок», — деп айтылды.

Наджибдин орун басары Ахмад Лутфи Азхар да төлөм жүргүзүлгөнүн ырастап, журналисттерге учурда аны үй камагына которууга байланыштуу документтердин даярдалышын күтүп жатышканын билдирди.

Сентябрь айында Малайзиянын королу Султан Ибрагим Наджибге мунапыс берип, айып пул төлөө шарты менен жазасынын калган бөлүгүн үй камагында өтөөгө уруксат берген.

Иликте
Түркиянын коргонуу жана аэрокосмос өнөр жайы экспорттук ийгилигин улантууда
Иран армиясынын басма сөз катчысы Экреминия "АКШга жооп кайтарабыз" деп эскертти
Австралия Борнеодогу токой өрттөрүн өчүрүүгө жардам берүү үчүн Индонезияга учак жөнөттү
АКШ Кубанын армиясына жана энергетикалык камсыздоо тармактарына каршы жаңы санкцияларды жарыялады
Путин Япониянын JTI тамеки компаниясынын Россиядагы активдерин убактылуу башкарууга өткөрдү
НАТО-Украина кеңеши Брюсселде кезексиз жыйын өткөрдү
Европа Биримдигинен Украинага 4,36 миллиард евролук колдоо
Эмине Эрдоган Түркия менен Түштүк Кореянын ортосундагы "терең тамырлаган достукка" көңүл бурду
Брюсселге бара жаткан учак бомба коркунучунан кийин Брюссель аэропортуна коопсуз конду
Греция: Студенттер жана мугалимдер кайрадан көчөгө чыгышты
Орусиянын Рязань облусундагы өнөр жай объектилерине дрондук кол салуудан бир адам жаракат алды
Министр Чифтчи: Италия менен коопсуздук жаатындагы кызматташтыгыбызды бекемдөөнү максаттоодобуз
Фенербахче англиялык Ливерпульду "жеңди"
АКШ өзүнүн инвентаризациясынан эки тыңчы учагынын бирин Жакынкы Чыгышка жөнөттү
Хаменеи: АКШдагы шайлоо Ирандын саясатын өзгөртпөйт