Президент Режеп Таййип Эрдоган Түштүк Кореянын борбору Сеулга расмий сапарынын алкагында технология, электроника, биотехнология жана химия тармактарында иштеген компаниялардын жогорку жетекчилерин кабыл алды.
Президент Эрдоган LG Electronics компаниясынын башкы директору Лю Чжэ Чхол, Celltrion компаниясынын башкы директору Со Джин Сок, SK Chemicals жана SK Plasma компанияларынын башкы директору Жахён Ан, Hyundai Motor Group компаниясынын башкы директору Чунг Эуисун жана аларды коштогон делегациялар менен мейманканада жолугушту.
Жолугушууларынын алкагында президент Эрдоган Samsung компаниясынын башкы директору Ро Тэ Мун, Chemtronics Wits компаниясынын Башкаруу кеңешинин төрагасы Ким Бокюн жана Korea Electric Power Corporation (KEPCO) компаниясынын башчысынын орун басары жана жаңы бизнес боюнча глобалдык жетекчиси Чан-хюк Чун жана аларды коштогон делегацияларды да кабыл алды.





















