Россиянын ТАСС мамлекеттик маалымат агенттиги жарыялаган билдирүүлөргө ылайык, Россиянын президенти Владимир Путин Кытайга сапарынын алдында Москва менен Пекиндин ортосундагы карым - катнаштардын "мыкты деңгээлге" жеткенин айтып, эки өлкөнүн ортосундагы достуктун "эч кимге каршы багытталбаганын" баса белгиледи.
Шейшемби күнү Путин Пекин сапарынын алдында жарыяланган видео кайрылуусунда Россия менен Кытай саясий, экономикалык, коргонуу жана гуманитардык тармактарда кызматташууну кеңейтүүдө чечкиндүү экенин айтты.
Путин: "Биздин достугубуз эч кимге каршы эмес,"- деп айтып, эки өлкөнүн ортосундагы карым - катнаштрадын "өз ара түшүнүшүү жана ишенимге" жана бири-биринин фундаменталдык кызыкчылыктарын, эгемендүүлүктү жана мамлекеттик биримдикти колдоого негизделгенин кошумчалады.
Путин Пекинге Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен бара жатканын, "көп жылдык жакшы дос" деп мүнөздөгөнүн жана эки тараптуу карым - катнаштарды тереңдетүү үчүн жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз байланыштардын абдан маанилүү экенин кошумчалады.
Орус лидери эки өлкөнүн 25 жыл мурун Жакшы коңшулук жана достук кызматташтык жөнүндө келишимге кол койгондон бери "чыныгы стратегиялык мамиле жана ар тараптуу өнөктөштүк" түзгөнүн айтты.
Путин: «Карым - катнаштын өзгөчө мүнөзү өз ара түшүнүшүү жана ишеним атмосферасында, өз ара пайдалуу жана адилеттүү кызматташууну сактоого болгон милдеттенмеде, урмат - сый менен диалог жүргүзүүдө жана эки өлкөнүн негизги кызыкчылыктарына, эгемендүүлүктү жана мамлекеттик биримдикти коргоого тиешелүү маселелер боюнча бири-бирин колдоодо көрүнөт», - деп билдирди.
Путин ошондой эле экономикалык кызматташтыкка жогору баа берип, эки тараптуу соода жүгүртүүнүн 200 миллиард доллардан ашканын жана өз ара эсептешүүлөр азыр «дээрлик толугу менен рубль жана юань» аркылуу жүргүзүлүп жатканын маалымдады.
Ал өз ара визасыз режимдин киргизилишин кубаттап, бул кадамдын туризмди, ишкердик саякаттарды жана адамдардын өз ара түз байланышын күчөтөрүн айтты.
Путин сөзүнүн аягында Москванын Кытайдын тарыхына жана маданиятына чоң маани берерин, мындан ары да эки өлкөнүн ортосундагы гуманитардык жана маданий байланыштарды тереңдетүүнү максат кыларын кошумчалады.



















