АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен согуштун жакында аяктай турганын жана андан кийин мунайдын баасы кескин төмөндөй турганын айтып, Ирандын келечекте өзөктүк куралга ээ болбошун камсыз кылууну көздөп жатышканын билдирди.
Трамп бул тууралуу Овал кабинетинде Иран маселеси боюнча басма сөз жыйынында айтты.
3-ноябрда АКШда өтө турган Конгресске орто мөөнөттүү шайлоонун алдында шайлоочулардын күйүүчү майдын кымбаттыгына нааразы болуп жатканы тууралуу суроого жооп берген Трамп: «Башка аргам жок болчу. Иран менен согуш бүтөрү менен, ал жакында аяктайт, мунайдын баасы кескин төмөндөйт», — деди.
АКШнын президенти мунайдын кымбатташы Ирандын өзөктүк куралга ээ болбошун камсыз кылуу үчүн «төлөнүүчү кичинекей баа» экенин белгиледи. Ошондой эле баалар жакында төмөндөп, баары ыраазы болорун кошумчалады.
Трамп Иранга байланыштуу иштер али аягына чыга электигин жана согуш толук бүтө электигин айтып буларды белгиледи: «Биз азыр эле ал жерден чыгып кетсек болот жана бул чоң ийгилик болмок. Бирок бул мен үчүн жетишсиз. Биз Ирандын беш, алты же он жылдан кийин да өзөктүк куралга ээ болбошун камсыз кылышыбыз керек. Биз муну камсыз кылабыз».






















