САЯСАТ
1 мүнөт окуу
Австралия менен Вьетнам ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча макулдашты
Австралиянын премьер-министри Энтони Албаниз Вьетнамдын президенти То Лам менен жолугушту.
Австралия менен Вьетнам ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча макулдашты
Австралиянын премьер-министри Энтони Албаниз Вьетнамдын президенти То Лам менен жолугушту.

Австралия менен Вьетнам ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү аркылуу коргонуу жана коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты арттырууга макулдашышты.

Австралиянын Премьер-министрлик кеңсесинин билдирүүсүндө, Австралиянын премьер-министри Энтони Албаниз өлкөсүнө барган Вьетнамдын президенти То Лам менен жолугушканы белгиленди.

Билдирүүдө лидерлер эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча келишим түзүп, коргонуу, коопсуздук жана соода тармактарында кызматташууну бекемдөөгө макулдашканы кабарланды.

Эки өлкөнүн персоналды окутуу, маалымат алмашуу, ден соолук, деңиз коопсуздугу жана издөө-куткаруу иштери, ошондой эле кибер кылмыштар, онлайн алдамчылык, адам сатуу жана терроризм менен күрөшүү сыяктуу темаларда кызматташтыкты арттыруу боюнча макулдашкандары билдирилип, Албаниз менен То Ламдын Түштүк Кытай деңизиндеги абалдан «тынчсызданганы» айтылды.

Билдирүүдө лидерлердин Түштүк Кытай деңизинде тынчтыкты, коопсуздукту, ырааттуулукту жана кеме жүрүү эркиндигин сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, чыңалууну сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырышканы маалымдалды.

Албаниз менен То Ламдын Мьянмадагы кризистин чечилиши үчүн Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы (АСЕАН) макулдашкан 5 берененин ишке ашырылышын жана «зордук-зомбулукту тез арада токтотуу, гуманитардык жардамга тоскоолдуксуз жетүү жана инклюзивдик диалог түзүүнү» талап кылганы билдирилди.

Иликте
Индиянын Ассам штатындагы селдерден каза болгондордун саны 100гө жетти
Ирандын тышкы иштер министри Аракчи: "Учурда АКШ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй элебиз"
Грециянын 106 ар кайсы жеринде Палестинага эркиндик митингдери өткөрүлдү
Түштүк Африканын Кейптаун шаарында үч башка  куралдуу кол салуулардан 11 адам каза болду
Иран Ормуз кысыгын ачуу үчүн алты шарт койду
Украина: Бул түнү орус армиясы 17 ракета жана 202 УУА менен чабуул жасады
Япониянын дрондорго жана жасалма интеллектке багытталган 56 миллиард долларлык коргонуу бюджети
Грециянын туризм үчүн атайын мейкиндик алкагы боюнча Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү
ИКУ Түркия, Сауд Арабия жана Пакистандын "тарыхый" коргонуу келишимин ыраазычылык менен кабыл алды
Тышкы иштер министрлиги ASEANды 59 жылдыгы менен куттуктады
Түркия: Сауд Арабиясы жана Пакистан менен коргонуу келишими "белгилүү бир өлкөгө каршы эмес"
Премьер-министри Шариф Мекке коргоонуу келишимине кол коюлушунан улам сыймыктанганын билдирди
Орус кол салууларында  Киевге жакын жерде үч киши каза болду
Украинанын Президенти Зеленский Сербияга расмий сапар менен барды
Түркия, Сауд Арабиясы жана Пакистандан Мекке коргонуу келишими