Тышкы иштер министрлигинин булактарынан алынган маалыматка караганда, Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Хакан Фидан Хамас Шура Кеңешинин төрагасы Мухаммед Дервиш жетектеген Хамас делегациясы менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Газзада туруктуу тынчтык орнотууга багытталган аракеттер, Газзага гуманитардык жардам жеткирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жана аймактагы башка кырдаалдар каралды.
Тышкы иштер министри Фидан аймактагы согуш Палестина маселесинин унутулушуна алып келбеши керектигин, Түркиянын Газза жана Батыш Шерияда Израиль туудурган апааттарды эл аралык коомчулуктун күн тартибинде кармай берээрин белгиледи.
Фидан ошондой эле Израилдин Газзадагы болуусун күчөтүүсү жана зарыл гуманитардык жардамдын аймакка жетишине бөгөт коюшу кабыл алынгыс экенин билдирди.
Ислам өлкөлөрүнөн баштап Палестинага колдоо көрсөткөн бардык мамлекеттер палестиналыктардын акыйкат талабын коргоону улантышы керектигин баса белгилеген Фидан, Түркиянын бул багыттагы аракеттерге жетекчилик кылууну улантаарын айтты.
Түркия Палестина элинин Газзадан кетишин максат кылган ар кандай кадамдарга каршы чечкиндүү түрдө күрөшүүнү уланта турганын билдирди.





















.jpg?width=512&format=webp&quality=80)

