Москванын мэри Сергей Собянин социалдык медиа баракчасында Орусиянын абадан коргонуу системалары түн ичинде Москвага карай учуп бараткан украиналык дрондорду жок кылганын билдирди.
Собянин Москванын мунай иштетүүчү заводу чабуулдарда зыян тартканын, бирок эч ким жабыркабаганын билдирди.
Ал ошондой эле чабуул учурунда Ореховой бульвары аймагындагы имаратка бир дрон тийгени тууралуу маалымат менен бөлүштү.
Бул Украинанын Москвага жасаган эң ири дрон чабуулу болгонун белгилеген Собянин: "Кечээтен бери бардык аймактарда 1600дөн ашык дрон атып түшүрүлдү, анын ичинде Москвага жакындап келе жаткан 450 дрон бар. Бул болуп көрбөгөндөй чабуул шайлоону үзгүлтүккө учуратуу үчүн пландаштырылганы айдан ачык. Душмандын бул аракетинен майнап чыккан жок", - деди.
Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев дагы социалдык медиа баракчасында Москва облусу түн ичинде ири масштабдуу дрон чабуулуна дуушар болгонун билдирди.
Воробьев жергиликтүү убакыт боюнча саат 3төн 5ке чейин 17 райондо абадан коргонуу системалары жалпысынан 249 дронду атып түшүргөнүн же жок кылганын билдирди. Ошондой эле, Раменское районунда дрон 21 кабаттуу үйдүн чатырында өрт чыгарып, натыйжада 400 адам, анын ичинде 70 бала эвакуацияланганын кошумчалады.
Ошол эле учурда, Орусиянын Федералдык аба транспорту агенттиги (Росавиация) Москванын Внуково жана Шереметьево аэропортторунда конууга жана учууга убактылуу чектөөлөр киргизилгенин жарыялады.






















