Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында жума намазы учурунда мечиттин жакынында болгон жарылуудан алгачкы маалыматтарга караганда 15 адам каза болуп, 50дөн ашык адамдын жаракат алганы маалымдалды.
Geo News агенттигинин маалыматы боюнча, жарылуу Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Кохат районундагы полициянын штаб-квартирасы комплексинде жайгашкан мечитте болду.
Кохат райондук борбордук ооруканасынын башкы дарыгери Тахир Али Шах алгачкы маалыматтарга караганда, жарылуудан 15 адам каза болуп, 50дөн ашык жарадар адам дарыланып жатканын билдирди.
Полиция кызматкерлери жума намазы учурунда болгон күчтүү жарылуу мечиттин сыртында чуңкурларды пайда кылып, имаратка олуттуу зыян келтирип, бир дубалдын кулашына алып келгенин билдиришти.
Окуядан кийин жарылуу болгон Кохат-Хангу жолу жол кыймылына жабылып, Кохат райондук борбордук ооруканасында өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Аймакка кошумча коопсуздук күчтөрү жөнөтүлдү жана издөө-куткаруу иштери уланууда.





















