Президент Режеп Таййип Эрдогандын 30-август Жеңиш күнүнө карата кайрылуусу Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын социалдык медиа эсебинде бөлүшүлдү.
Эрдоган бүгүн тарыхка «Башкы командачынын салгылашы» катары кирген жана Улуттук күрөштүн эң маанилүү этабын түзгөн Улуу Жеңиштин 104 жылдыгы белгиленип жатканын билдирип, кадырман улутту, Кипр түрк элин жана дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жашаган түрк жарандарын 30-август Жеңиш күнү менен куттуктады.
Эрдоган ошондой эле чет өлкөлөрдөгү миссияларда майрамдын кубанычын жана толкундануусун бөлүшкөн конокторго ыраазычылык билдирип, билдирүүсүндө төмөнкүлөрдү камтыды: «30-августтагы Жеңиш менен миң жылдан бери эркин жашаган жерлерибиз биздин түбөлүк мекенибиз экени дагы бир жолу тастыкталды. Республикабыздын түзүлүшүнө жол ачкан Улуу Жеңиш бүткүл дүйнөгө улутубуз эч качан баш ийдирүүнү кабыл албай турганын жарыялады жана географиябыздын империалисттик курчоосунан да чыгууга салым кошту».
Президент Эрдоган 104 жыл мурун ар кандай мүмкүн эместиктерге карабастан, улут көрсөткөн умтулуу, кайраттуулук жана чечкиндүүлүк бүгүнкү күндө да эң күчтүү мотивация булагы бойдон кала бергенин белгилеп, мындай деп кошумчалады: «Түркия өзүнүн даңазалуу тарыхынан илхам алып жана өзүнө болгон ишеним менен энергетикадан коргонуу өнөр жайына, илим жана технологиядан тышкы саясатка чейин ар бир тармакта жазган ийгилик окуялары менен максаттарына карай тынымсыз алга жылууда. Согуштар, чыр-чатактар, кризистер жана саясий белгисиздиктер, айрыкча биздин аймакта жана дүйнөдө күчөп жаткан мезгилде Түркия өзүнүн принципиалдуу, чечкиндүү жана гуманитардык багыттагы демилгечи саясаты менен айырмаланып турат».
Президент Эрдоган өз кайрылуусунда андан ары мындай деп белгиледи:
«Бүгүнкү күндө кайдан болбосун, эзүүнүн алдын алууга, ким болбосун, эзилгендердин жанында болууга жана зарыл болгондо баасын төлөөдөн тартынбаган Түркия бар экенин кубаныч менен билдиргим келет. Үстүбүздөгү көк асман кулай электе, астыбыздагы караңгы жер жарыла элекете, эч ким Түркияны жана түрк элин ыйык куттуу күрөшүнөн токтото албайт».





















