Ирактын тышкы иштер министри Фуад Хусейин АКШ менен Израилдин Иранга кол салууларынан улам башталган согуштун кесепетинен өлкөсү болжол менен 60 миллиард долларлык чыгымга учураганын билдирди.
Ирактын маалымат агенттигинин (INA) маалыматына караганда, тышкы иштер министри Хусейин Римде Италиянын тышкы иштер министри Антонио Таяни менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.
Маалымат жыйынында Хусейин АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушунун Ирак экономикасына тийгизген таасирине токтолуп, кагылышуулардын уланышы өлкөгө олуттуу экономикалык зыян келтиргенин айтты.
Хусейин согуштун кесепетинен Ирак болжол менен 60 миллиард долларлык чыгымга учураганын белгиледи.
28-февралдан бери уланып келе жаткан согуш дүйнөлүк энергетикалык кризисти тереңдетип, инфляциянын өсүшүнө байланыштуу кооптонууларды күчөткөнүн эскерткен Хусейин, кагылышуу көптөгөн өлкөлөрдүн, анын ичинде Европа мамлекеттеринин экономикасына терс таасирин тийгизгенин айтты.
Ал чыңалууну көзөмөлгө алуу жана кагылышуунун жайылышына жол бербөө үчүн дипломатиялык демилгелердин маанисин баса белгиледи.
Хусейин Европа Биримдиги менен Европа өлкөлөрү кагылышуунун тараптарынын ортосунда мунасага жетишүүгө жана аларды сүйлөшүү үстөлүнө кайтарууга активдүү салым кошушу керектигин билдирди. Анын айтымында, бул кадамдар чыңалууну басаңдатып, кагылышуунун жайылышына жол бербөөгө жардам берет.
Министр буга чейинки билдирүүлөрүндө Ормуз кысыгындагы деңиз каттамдарынын үзгүлтүккө учурашынан улам Ирактын мунай кирешеси азайып, өлкөнүн экономикасы олуттуу чыгымдарга учураганын белгилеген.




















