Ирак парламентинде вице-премьер-министрлерди жана бош министрлик кызматтарга талапкерлерди шайлоодо Ирак түркмөн фронтунун өкүлү биринчи жолу министрлик кызматка дайындалды.
100 жылдык тыныгуудан кийин апрель айында Киркуктун губернатору болуп шайланган Ирак түркмөн фронтунун (ITC) төрагасы Мухаммед Семан Ага Ирак парламенти тарабынан министр болуп дайындалды.
Ирак түркмөн фрнотунун төрагасы Ага социалдык тармактагы түрк тилиндеги билдирүүсүндө буларды айтты: «Бул Ирак жана түркмөн элибиз үчүн пайдалуу болсун. Кудай буюрса, биз өз милдетибизди татыктуу аткарабыз. Кудай бизди колдосун!».
Аганын 19-октябрь дүйшөмбү күнү Керкүк облустук кеңешине губернаторлуктан кетүү тууралуу арызын берери күтүлүүдө. Андан кийин Ирак түркмөн фронту облустук кеңешке сунуштай турган үч талапкердин бири Керкүктүн жаңы губернатору болуп шайланат.
Керкүктөгү түркмөн, күрт жана араб саясий коалицияларынын ортосунда жетишилген губернаторлукту ротациялык негизде башкаруу келишимине ылайык, бул кызмат ушул жылдын аягына чейин түркмөндөрдүн өкүлүнө таандык болот.




















