Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи "Зенгезур коридору" деп да аталган Эл аралык тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү үчүн Трапм багыты (TRIPP) тууралуу: "Биз АКШнын аймагыбызда жана анын айланасында болушуна тынчсызданып жатабыз", - деди.
Ирандын мамлекеттик телеканалынан көрсөтүлгөн кабарга ылайык, Аббас Аракчи "Трамп багыты" тууралуу билдирүү жасады.
Аракчи: "Биз АКШнын биздин аймакта жана анын айланасында болушуна тынчсызданып жатабыз жана бул маселеге сезимталбыз", - деп билдирди.
Аракчи бул тема боюнча Армения менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жана Армения Ирандын коопсуздугуна каршы эч кандай кадамдарды жасабай турганын билишерин айтты.
8-августта Ак үйдө АКШнын президенти Дональд Трамптын жетекчилиги астында Азербайжан президенти Илхам Алиев менен Армениянын премьер-министри Пашиняндын ортосунда өткөн үч тараптуу жыйында Азербайжандын материктик бөлүгү менен Нахчыван автономиялуу республикасынын ортосунда тоскоолдуксуз байланышты камсыз кыла турган TRIPP долбоорун ишке ашыруу чечими кабыл алынган.
"Зенгезур коридору" деп да аталган бул долбоор темир жол, автожол, энергетика жана байланыш инфраструктурасын түзүүгө багытталууда.





















