Эфиопиянын Оромия аймагында куралдуу топтордун кол салуусунан 34 адам каза болуп, көптөгөн адамдар жаракат алды.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, кол салуу Робе округундагы Эндато айылында болду.
Кол салуудан 34 адам каза болуп, көптөгөн адамдар жаракат алды. Ошондой эле бир нече турак жай жана ишкана зыянга учурады.
Оромия аймагында октябрь айынан бери болгон кол салуулардан каза болгондордун саны 94кө жетти.
Акыркы кол салуу көп жылдардан бери куралдуу кагылышуулар жана жайкын тургундардын жер которуусу уланып жаткан Оромия аймагындагы коопсуздук маселесин кайрадан күн тартибине алып келди.
4-ноябрда Эфиопиянын Адам укуктары боюнча комиссиясы Мерти жана Ширка аймактарында 60 адамдын өмүрүн алган кол салуулар үчүн сепаратисттик «Оромонун боштондук армиясын» (ОБО) айыптаган.
Октябрь айындагы кол салуулардан кийин коопсуздук күчтөрү аймакта операция жүргүзүп, болжол менен 70 шектүүнү кармашкан.




















