Акыркы 24 сааттын ичинде Йемендин Таиз провинциясынын батышындагы Вазия районундагы кагылышууларда жана аба соккуларында 30 хусит өлтүрүлүп, болжол менен 60 адам жаракат алганы кабарланды.
Йемен армиясына караштуу Таиз фронтунун басма сөз борборунун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Вазияда Иран колдогон хуситтер менен болгон кагылышууларда хуситтерге таандык 6 аскердик унаа жана 2 танкы жок кылынганы айтылды.
Билдирүүдө ошондой эле өкмөттүк күчтөрдүн согуштук учактары фронттогу бөлүктөргө колдоо көрсөтүү үчүн хусит аскердик унааларын жана чогулуу пункттарын бутага алганы белгиленди.
Кагылышуулардын жана аба соккуларынын натыйжасында 30 хусит өлтүрүлүп, болжол менен 60 адам жаракат алганы кабарланды.
Йемен армиясы акыркы убакта өлкөнүн ар кайсы провинцияларында, айрыкча Таизде хусилердин позицияларына жана чогулуу пункттарына чабуулдарын көбөйттү.
Йемендеги жаңжал
Июль айынан бери Йемендеги жаңжалдын кайрадан күчөшү фронттогу көзөмөл картасын бир топ өзгөрттү.
Ходейда провинциясын толугу менен көзөмөлдөгөндөн кийин хуситтер батышты көздөй Таизге карай жылып, Муха сыяктуу Кызыл деңиз жээгиндеги шаарларды жана Баб аль-Мандебге баруучу жолдорду басып алышты.
Хуситтердин Кызыл деңиз жээгиндеги Таиз провинциясындагы Муха шаарын, андан кийин Ханиш архипелагын, Майюн аралын жана Баб аль-Мандеб кысыгынын айланасындагы Зубабды басып алышы жаңжал аймагында олуттуу өзгөрүүлөрдү жаратты.






















