.қ.гЯпониядагы Шова фармацевтикалык университетинин изилдөөчүлөрү 20 грамм майдаланган кофени 400 миллилитр ысык сууга демдеп, катышуучулардан болжол менен 50 сантиметр алыстыкка жайгаштырышкан.
Кофенин жытын сезгенге чейинки жана андан кийинки беш мүнөттүк өлчөөлөрдүн жыйынтыгында катышуучулардын чарчоо, чыңалуу, тынчсыздануу, башаламандык жана депрессия боюнча көрсөткүчтөрү кыйла төмөндөгөн.
Кофенин жыты энергияны жана сергектикти дароо жогорулатпаса да, негизинен терс эмоцияларды азайтары аныкталды.
Ошондой эле альфа, бета жана тета мээ толкундарынын катышынын негизинде эсептелген «релаксация индексинин» жогорулаганы байкалган.
Жыттын эс тутум жана күтүү менен байланышы
Жыт сезүү мээнин эмоция жана эс тутумга жооп берген борборлору менен түз байланышта экени белгилүү.
Изилдөөчүлөр кофенин жыты эртең мененки көнүмүш адат, тыныгуу же достук баарлашуу сыяктуу жагымдуу тажрыйбаларды эске салып, маанайга таасир этиши мүмкүн деп эсептешет.
Ошол эле учурда изилдөөдө контролдук топтун колдонулбаганы жана катышуучулардын кофе ичүү адаттары толук изилденбегени белгиленди. Ошондуктан алынган жыйынтыктар так далил эмес, алдын ала байкоо катары каралууда.
Мындан тышкары, беш мүнөт тынч эс алуунун өзү да маанайдын жакшырышына таасир эткен болушу мүмкүн.






















