Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо Европада аскердик кагылышуу коркунучунун күчөгөнүн айтып, өлкөсүнүн согушка жетеленишин каалабай турганын билдирди.
Словакиянын маалымат агенттигинин (TASR) билдиргенине караганда Роберт Фицо бул сөздөрдү Прешовдо жаңы окуу жылынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Украинадагы согуштун жүрүшү жана Европанын коопсуздугуна баа берди.
Фицо: «Европада аскердик кагылышуу коркунучуна байланыштуу кырдаал азыркыдай чыңалган эмес», — деди.
НАТОнун 5-беренесине ылайык, бир мүчөгө жасалган куралдуу кол салуу бардык мүчөлөргө кол салуу катары караларын белгилеген Фицо Словакиянын согушка аралашууну каалабай турганын билдирди.
Роберт Фицо: "Ооба, биз НАТОнун мүчөбүз, аны баалайбыз жана кызматташууга, милдеттерибизди аткарууга бекембиз. Бирок премьер-министр катары Словакиянын эч качан куралдуу кагылышууга аралашпашы үчүн колумдан келгендин баарын жасайм", - деди.
Өлкөнүн чыр-чатактын чегинде турганына тынчсызданганын билдирген Фицо өлкөсү согуштан келип чыккан көйгөйлөргө туш болсо, эмне болорун элестете албасын билдирди.
«Украинадагы аскердик кагылышуу көзөмөлдөн чыкты»
Украинадагы согуштун көзөмөлдөн чыкканын айткан Роберт Фицо буларды белгиледи: «Европада болуп жаткан окуялар Украинадагы аскердик кагылышуунун көзөмөлдөн чыгып баратканын көрсөтүүдө. Аскердик операцияларга байланыштуу эрежелер сакталбай, жарандык инфраструктура бутага алынууда. Менин оюмча, Украинада ири аскердик операциялар уланышы мүмкүн. Бирок мени өзгөчө тынчсыздандырганы — Европада аскердик билдирүүлөрдүн күчөшү».
Фицо согушка аралашууну каалабай турганын билдирип, Евробиримдиктин 2028–2034-жылдарга карата бюджетин сынга алды. Анын айтымында, бюджеттен негизги пайда жарандарга эмес, курал-жарак өндүрүүчүлөргө тиет.























