Түркия төрт палестиналык өлтүрүлгөндөн кийин оккупация астындагы Палестина аймактарында күч алган мыйзасыз отрукташуучулар жүргүзгөн террордук айыптады.
Тышкы иштер министрлиги жума күнү жасаган билдирүүсүндө: "Оккупацияланган Палестина аймактарында барган сайын күчөп жаткан мыйзамсыз отурукташуучулардын террорун кескин түрдө айыптайбыз", — деп билдирди.
Министрлик жума күнү төрт палестиналыктын "Нетаньяху өкмөтү тарабынан колдоого алынган отурукташуучу террорчулар" тарабынан өлтүрүлүшү "Израилдин улантып жаткан геноцид саясатынын жыйынтыгы" экенин баса белгиледи.
Билдирүүдө Палестина аймактарын басып алган отурукташуучу террорчулардын жана колдоочуларынын кылмыштары жазасыз калбашы жана жоопко тартылышы үчүн эл аралык сотко кайрылуусу кайталанды.
Биньямин Нетаньяху менен Коргоо министри Исраэль Кац жума күнү эртең менен оккупацияланган Батыш Шерианын батышындагы Хават-Гилад конушуна жакын жерде болгон куралдуу кол салуудан кийин Палестина айылдарында "кеңири масштабдуу аскердик операция" баштоо буйругун беришкен.
Анадолу агенттигинин кабарчыларынын маалыматына караганда, андан кийин мыйзамсыз израилдик отурукташуучулар Наблус провинциясындагы Сарра жана Уриф айылдарына чабуул жасап, палестиналыктарга таандык үйлөрдү жана башка мүлктөрдү өрттөшкөн. Айыл тургундары болсо таш ыргытып, кол салгандарга каршылык көрсөтүшкөн.
Израиль 2023-жылдын октябрь айында Газага карата оор аскердик чабуулдарын баштагандан бери оккупацияланган Батыш Шериада зомбулук күчөдү.
Палестина бийлигинин маалыматына караганда, бул мезгилде Израиль армиясынын рейддери жана басып алуучулардын чабуулдарынын кесепетинен кеминде 1182 палестиналык каза болуп, миңдеген адам жаракат алган жана 24 миңге чукул киши кармалган.






















