ФСБнын бул тууралуу билдирүүсүндө Британиянын Москва элчилигинин коопсуздугун камсыз кылган компаниянын кызматкери кармалганы маалымдалды. Билдирүүдө: "Камакка алынган 1981-жылы туулган Россия жаранынын Украинанын Коопсуздук Кызматынын (SBU) агенти экендиги жана британиялык дипломаттар жөнүндө маалымат чогултканы аныкталыд", - деп билдирилди.
Билдирүүдө Киев администрациясы чогултулган маалыматты британ дипломаттарына каршы саботаж жана террордук актыларды уюштуруу үчүн колдонгону айтылып: “Мындан Россия жооптуу болмок. Ушундайча Британиянын Россия менен түздөн-түз куралдуу кагылышууга жетелениши, Лондондун Украинага кошумча курал жана аскердик техника жөнөтүүсү жана Россияга карата санкция кысымын күчөтүлүшү максат кылынууда”,-деген баа берилди.
Билдирүүдө бул тема тууралуу Британияга маалымат берилгени билдирилди.
ФСБ жарыялаган видеодо камакка алынган шектүү Украина чалгындоосу үчүн иштегенин жана дипломаттар тууралуу маалымат чогултканын моюнга алды.


















