Президент Режеп Таййип Эрдоган күчтөрдүн атаандаштыгы барган сайын курчуп, эрежелер көз жаздымда калып, эрежелерге негизделген система олуттуу түрдө алсырап, баалуулуктар солгундаган оор мезгилдин өтүп жатканын белгилеп: «Глобалдык башкаруу механизмдери биз туш болуп жаткан көйгөйлөрдү чечүүдө жетишсиз жана натыйжасыз болууда. Эл аралык система негизделген бардык нормалар менен принциптер бүгүн тебеленип жатат. Эски дүйнө түзүлүшү кыйрап, жаңысы али жарала элек түзүмдүк кризисти баарыбыз чогуу өткөрүп жатабыз», — деди.
Президент Эрдоган Стамбул конгресс борборунда «Борборлошпогон дүйнө: эрежелер күчүн жоготкондо ким лидерлик кылат?» деген темада өткөн TRT World Forum 2026 форумундагы сөзүн катышуучулар менен саламдашуудан баштады.
Быйыл 10-жолу уюштурулган форумга катышып жатканына кубанычта экенин билдирген Эрдоган дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан келген катышуучуларга: «Түркияга жана Стамбулга кош келиңиздер!» — деп кайрылды.
Эрдоган эки күнгө созула турган форумдун өлкөлөр жана жалпы адамзат үчүн пайдалуу болушуна тилектештигин билдирди. Ал энергетика, экономика, жасалма интеллект, транспорт, аймактык кризистер жана глобалдык чакырыктар талкуулана турган аянтчага өз салымын кошкон бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди.
Президент Эрдоган быйыл да Түркиянын алдыңкы иш-чараларынын бирине айланган TRT World форумун ийгиликтүү уюштургандыгы үчүн ТРТ жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.
Эрдоган ТРТнын 62 жылдан бери салттуу жана санариптик медиада принциптүү жана жоопкерчиликтүү редакциялык саясатын ырааттуу жүргүзүп келе жатканын белгилеп, сөзүн төмөнкүчө улантты: «Так жана калыс жаңылыктарды чагылдыруу саясаты, адамга жана чындыкка багытталган мамилеси, ошондой эле тактыгы жана сапаты менен айырмаланган контенттери аркылуу ТРТ үнүн дүйнөнүн бардык жерине жеткирүүдө. 2017-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан TRT World Forum бул үндү ар түрдүү тилдер, көз караштар жана ой жүгүртүү ыкмалары менен байытып, дүйнөлүк деңгээлде байкоого алынып, баа берилген аянтчага айланды.Бул форумда адамзаттын жалпы көйгөйлөрү өз тармагынын адистери тарабынан терең талкууланат. Анда учурдагы маселелер менен келечекти калыптандырып, миллиарддаган адамдардын жашоосуна таасир эте турган темалар да көтөрүлөт. Ар кайсы континенттерден келген катышуучулар бул аянтчанын алкагында жаңы ыкмаларды, көз караштарды жана чечимдерди талкуулашат».
Эрдоган быйылкы сессияларда жана тегерек столдордо 43 өлкөдөн келген 150гө жакын баяндамачы ар тараптуу жана мазмундуу талкууларды жүргүзөрүн белгиледи. Ал бул талкуулар маанилүү жыйынтыктарды берерине, форумда айтылган ойлор бүткүл дүйнөдө, айрыкча эзилген жана кыйынчылык тарткан аймактарда тынчтыкты, бейпилдикти жана туруктуулукту камсыз кылууга салым кошорунан үмүттүү экенин айтты.
Президент Эрдоган сөзүн улантып, учурдагы дүйнөлүк кырдаалга токтолду:
«Биз күчтөрдүн атаандаштыгы барган сайын курчуп, эрежелер көз жаздымда калып, эрежелерге негизделген система олуттуу түрдө алсырап, баалуулуктар солгундап жаткан оор мезгилди өткөрүп жатабыз.
Глобалдык башкаруу механизмдери биз туш болуп жаткан көйгөйлөрдү чечүүдө жетишсиз жана натыйжасыз болууда. Эл аралык система негизделген бардык нормалар менен принциптер бүгүн тебеленип жатат. Эски түзүлүш кыйрап, жаңысы али жарала элек түзүмдүк кризисти баарыбыз чогуу көрүп жатабыз
Акыл-эси жана абийири бар адамдар катары бул кризисти адилеттүү жана калыс чечимдер аркылуу токтотуу баарыбыздын жалпы милдетибиз деп эсептейм.
Ушул өңүттөн алганда, быйылкы форумдун «Борборлошпогон дүйнө: эрежелер күчүн жоготкондо ким лидерлик кылат?» деген темада уюштурулушун өзгөчө маанилүү деп эсептейм».






















