Сурамжылоонун жыйынтыктары бул өлкөлөрдөгү катышуучулардын Израилге карата "терс" көз карашта экенин билдирген пайызын эсептеп чыккан. Орточо көрсөткүч 67 пайызды түзгөн.
Бир тараптан Израилге карата "оң" пикирдегилердин көрсөткүчүнүн орточо медианасы 25 пайызды түздү.
Терс көз караштардын эң көп Түркия, Бангладеш, Индонезия, Малайзия жана Пакистан сыяктуу өлкөлөр менен бирге Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста экени белгиленди.
Түркияда катышуучулардын 91 пайызы Израиль тууралуу "абдан терс" көз караштарын билдиришкен, ал эми 5 пайызы "бир аз терс" көз караш билдирген.
АКШ, Канада жана Европада Израилге карата "терс" көз караш кеңири жайылган
Мусулман кал басымдуулук кылган өлкөлөрдөн сырткары да жогорку көрсөткүчтөр катталды. Израиль тууралуу "терс" пикирин билдиргендердин катнашы АКШда 60 пайызды, ал эми Канадада 65 пайызды түздү.
Сурамжылоого киргизилген Европа өлкөлөрүнүн бардыгында тең терс пикирлердин көрсөткүчү жогору экени маалым болду.
Швеция менен Испаниядагы катышуучулардын 78 пайызы Израилге карата "терс" көз карашта экенин билдиришсе, Италия, Нидерланды, Германия, Улуу Британия жана Франциядагы чоң кишилердин жарымынан көбү бул өлкөгө "терс" баа бергени ортого чыкты.
Японияда катышуучулардын 83 пайызы, Австралияда 79 пайызы, ал эми Түштүк Кореяда 70 пайызы Израиль тууралуу "терс" пикирде.
Бири тараптан башка өлкөлөрдөн айырмаланган Индиядагы катышуучулардын 32 пайызы Израиль тууралуу "оң", ал эми 28 пайызы "терс" ойдо экени маалым болду.
Мындан башка 24 өлкөнүн 13үндө 2025-жылдан бери Израилге карата терс көз караштардын өсүп жатканы аныкталса, терс пикирлер азайган бир гана өлкө Греция болду.
Өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө Нетаньяхуга болгон ишеним аз
Сурамжылоодо бул 36 өлкөнүн катышуучуларынан Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху жөнүндөгү көз караштары да суралган.
Көпчүлүк өлкөлөрдө Нетаньяхунун дүйнөлүк маселелер боюнча туура иш кыларына аз же такыр ишенбегенин билдиришкен.
Сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, Кения менен Филиппин катышуучуларынын жарымынан көбү Нетаньяхуга ишенгенин билдирген эки өлкө болду.

















