Израиль армиясы Батыш Шерианын түштүгүндө жайгашкан Эль-Халиль шаарында эки палестиналыкты израилдиктерге кол салган деген айып менен өлтүрдү.
Израилдин тез жардам кызматынын билдирүүсүндө, Эль-Халилдеги окуяда беш израилдик жаран жарадар болгону айтылды.
Билдирүүдө жарадар болгондордун экөөсүнүн абалы оор экени жана ооруканага жеткирилгени белгиленди.
Израиль армиясы ошондой эле аскерлерге кол салган эки палестиналыктын өлтүрүлгөнүн жарыялады.
Израилдеги "Kanal 14" телеканалы болсо палестиналыктар аймакка Израилдин номерлери бар унаа менен киргенин жана окуянын убактылуу текшерүү пунктунда болгонун билдирди.
Бул окуядан кийин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жалпы шайлоо өнөктүгүнүн алкагында Батыш Кудстагы базарга пландаштырылган сапарын жокко чыгарды.






















