Франциянын Жер Ортолук деңизиндеги Корсика аралына таасир эткен бороон-чапкын жана селден улам эки адам каза тапты.
Франциянын Meteo-France метеорологиялык агенттигинин маалыматына караганда, жамгыр, бороон-чапкын жана суу ташкындары коркунучунан улам түштүк Корсика провинциясы үчүн кызгылт сары, ал эми түндүк провинциясы үчүн сары эскертүү жарыяланды.
Улуттук маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүнө караганда, түн ичинде катуу жаан-чачын, бороон-чапкын жана суу ташкындары Корсика аралына таасирин тийгизди.
Корси-дю-Сью префектурасынын билдирүүсүнө ылайык, Бонифасио менен Порту-Веккьо шаарларынын ортосундагы RT 10 жолунда бир унаа сууга агып кеткен.
Өрт өчүрүүчүлөр жергиликтүү убакыт боюнча саат 1:00дө унаадан эки адамдын сөөгүн табышкан, ал эми качып кутулган үчүнчү адам Порту-Веккьодогу медициналык борборго тик учак менен жеткирилген.




















