Министр Гүрлек сүйлөшүү тууралуу социалдык медиа аккаунтундагы билдирүүсүндө:
"Мен Грециянын адилет министри Йоргос Флоридис менен видеоконференция аркылуу жемиштүү сүйлөшүү өткөрдүм жана юстиция жаатындагы кызматташтыгыбыздын абалын бааладык. Биз соттук жардам, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана кылмышкерлерди экстрадициялоо сыяктуу маселелерди талкууладык. Ар кайсы өлкөлөрдө эл аралык байланыштары жана түзүмдөрү бар кылмыштуу уюмдарга каршы натыйжалуу күрөшүүдө өлкөлөрүбүздүн ортосундагы күчтүү жана үзгүлтүксүз соттук кызматташтыктын маанисин баса белгиледик" деди.
Гүрлек кылмышкерлер кайда качып кетишпесин аларды жоопкерчиликке тартууга чечкиндүү экендиктерин билдирип, мындай деп кошумчалады: "Биз Грециядагы ар кандай кылмыштуу уюмдардын лидерлерин өлкөбүзгө экстрадициялоону сурандык. Өз ара ишенимдин негизинде министрликтерибиздин ортосундагы диалогду улантабыз жана соттук кызматташтыгыбыздын андан ары өнүгүшүн конкреттүү жана узак мөөнөттүү кадамдар менен камсыз кылабыз".























