ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Макрон АКШ менен Россиянын дизель келишимин сынга алды
Франциянын президенти келишимдин дүйнөлүк энергетикалык бааларды төмөндөтпөй турганын жана союздаштардын ортосунда бөлүнүүлөрдү жаратышы мүмкүн экенин айтты.
Макрон АКШ менен Россиянын дизель келишимин сынга алды
Макрон орусиялык дизель майы дүйнөлүк рынокто буга чейин эле сатылып жатканын билдирди. / َAA

Франциянын президенти Эммануэль Макрон АКШ менен Россиянын дизель отунуна байланыштуу келишимин «туура эмес жана натыйжасыз» деп мүнөздөп, келишимдин терс белги берерин жана дүйнөлүк энергетика бааларын төмөндөтпөй турганын айтты.

Макрон жума күнү Европа Кеңешинин жыйынынан кийин сөз сүйлөп Россиянын дизель отуну дүйнөлүк рынокто буга чейин эле сатылып жатканын белгиледи.

«Россиянын дизель отуну буга чейин эле рынокто бар эле. Өлкөлөр аны сатып алынууда жана азыркы учурда дүйнөлүк рынокто бар. Ошондуктан бул келишим дүйнөлүк рыноктогу көйгөйдү чечет деген пикир чындыкка дал келбейт», — деди Макрон.

Макрон: «Мунун президен Трамп үчүн эч бир таасири болбой турганын ойлоп жатам”,- деди.

Франциянын президенти бул чечим «терс белги берип, бөлүнүүгө же шектенүүгө себеп болушу мүмкүн» экенин эскертти.

Макрон энергиянын бааларын төмөндөтүү жана маалыматтын ачыктыгын камсыз кылуу боюнча натыйжалуу чараларды табуу үчүн АКШ администрациясы менен конструктивдүү диалогду улантарын билдирди.

«Баарыбыз бир нерсеге макулбуз: дизель отунунун, бензиндин жана жаратылыш газынын баалары төмөндөшү керек. Бирок бул кадам бааларды иш жүзүндө төмөндөтпөйт. Бул туура чечим эмес», — деди.

Өткөн аптада АКШнын президенти Дональд Трамп бааларды төмөндөтүү максатында Россиянын дизель отунун экспорттоосуна салынган санкцияларды жойгон.

Трамп Москванын АКШ жана дүйнөлүк рынокко дароо 300 миң тоннадан ашык, башкача айтканда, 2,25 миллион баррелге жакын дизель отунун жеткирерин жарыялаган.

Трамп өзгөчө энергетикалык инфраструктурага жасалган чабуулдарга байланыштуу Россия менен Украинанын ортосунда ок атышууну токтотуу жарыяланганын билдирген.

Украинаны каржылоо боюнча өтүнүчү каралат

Макрон Украинанын келерки жылга сураган кошумча 70 миллиард евро (79 миллиард доллар) каржылык колдоо маселеси союздаштар тарабынан караларын билдирди.

«Каржылоо маселесин сөзсүз чечебиз. G7 өлкөлөрүнүн, өнөктөштөрүбүздүн жана, албетте, европалык мамлекеттердин каржылык колдоосун карап чыгабыз», — деди Макрон.

Жума күнү эртең менен Украинанын президенти Владимир Зеленский Брюсселде жолуккан Европа Биримдигинин лидерлерин Россияга каршы санкцияларды жеңилдетпөөгө чакырып, санкциялардын 22-пакетин күчөтүүнү суранды.

Зеленский ошондой эле келерки жылга кошумча 70 миллиард евро (79 миллиард доллар) каржылык колдоо сурады.

Орусиянын президенти Владимир Путинди согушту келерки жылга чейин улантууга аракет кылып жатат деп айыптаган Зеленский Европаны мындай жагдайга даяр болууга чакырды.

Иликте
Иран Трамп багытына реакция кылды: "АКШнын аймактагы катышуусуна тынчсызданып жатабыз"
Ирак: АКШ/Израиль-Иран согушунан улам биз болжол менен 60 миллиард доллар жоготууга учурадык
Түркия менен Армениянын ортосундагы мамилелердин нормалдашуусу "бекем байланыштарга" жол ачат
Израилдин Газадагы чабуулдарынан дагы бир палестиналык каза болду
ДССУ: "Африкада 2024-жылы 350 миң аял рактан каза болду"
Эфиопия Тыграйда алты ай кызмат кыла турган убактылуу администрация түзүлгөнүн жарыялады
Индонезияда улуттук парктагы токой өртүнөн 4 адам каза болду
Хорватиянын коргоо министри Анушич Сербия чабуул системалары менен куралданып жатканын айтты
Зеленский Брюсселде абадан коргонуу системаларын жана кошумча F-16 учактарын жеткирүүгө чакырды
Грецияда мурдагы аскер армиянын куурунан 300 миң литр мунай уурдаган
Түрк коопсуздук булактары: 2013-жылдагы Рейханлы кол салуусуна шектүүлөрдүн баары камакта
Иракта биринчи жолу Ирак түркмөн фронтунун мүчөсү мамлекеттик министр болду
Түркия менен 19 өлкө Колумбиянын элчилигин Иерусалимге көчүрүү чечимин айыптады
Россия: "Украинадагы логистикалык борборго жана жүк ташуучу кемеге сокку урдук"
Түркия CICA саммитинде кабыл алынган Баку декларациясын кубаттады