ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Cуданда Ыкчам колдоо күчтөрүнүн алтын базарына кол салуусунда 5 киши каза болду
2023 - жылдын апрель айынан бери өлкөдө армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосундагы кагылышуулар болууда.
Cуданда Ыкчам колдоо күчтөрүнүн алтын базарына кол салуусунда  5 киши каза болду
Судан армиясы соңку апталарда HDKга каршы алдыга жылууда

Судандын Түндүк Кордофан штатындагы алтын базарына Ылдам колдоо күчтөрүнүн (RSF) чабуулунан беш жаран каза болуп, 27си жаракат алды.

Жергиликтүү бейөкмөт уюм Дар Хамар Өзгөчө кырдаалдар комитетинин билдирүүсүндө RSF Түндүк Кордофандын Умм Бадр шаарындагы алтын базарына кол салгандыгы белгиленди.

Билдирүүдө зергер менен бирге беш жаран каза болуп, 27си жаракат алганы маалымдалды.

Комитет буга чейинки билдирүүсүндө да  RSFнын  Умм Бадрдагы алтын базарын жана ишканаларды талап-тоногондугун билдирген.

RSF азырынча кол салуу боюнча комментарий бере элек.

Судан армиясы жакында Түндүк жана Батыш Кордофандагы RSF көзөмөлдөгөн айрым аймактарда ийгиликтерге жетишти.

19-сентябрда армия Түндүк Кордофандагы Содари шаарынын түндүк-чыгышындагы стратегиялык Эль-Джамама аймагын көзөмөлгө алганын, ал эми бир күн мурун да  штаттагы 11 аймакты басып алганын жарыялаган.

Судан 2023-жылдын 15-апрелинен бери армия менен RSFнын ортосундагы кагылышуулардын чордону болуп келет.

Иликте
Израиль оккупацияланган Батыш Шериадагы айылга баруучу акыркы жолду жаап, 47 үй-бүлөнү обочолонтту
Президенттик кубоктогу чоң беттеш ТРТ 1 каналынан көрсөтүлөт
Президент Эрдогандын Ардагерлер күнүнө карата куттуктоосу
АКШ Украинага 2,68 миллиард долларга абадан коргонуу жабдууларын сатууну бекитти
Путин: "Киев администрациясынын сүйлөшүү ниети жок"
Трамп Си менен "абдан жемиштүү" жолугушуу өткөрүүдөн үмүттүү
Израиль армиясы үч жылдык согуштан кийин жоокерлердин жана жабдуулардын жетишсиздигине туш болууда
Россия Украинага курал-жарак жеткирүү көбөйгөнүнө байланыштуу британ дипломатын чакырды
Эрдоган: "Стамбул аэропортунун төртүнчү учуп-конуу тилкеси дүйнөлүк байланышты жогорулатат"
Эрдоган: «Түркияны дүйнөдөгү эң кеңири аба каттамдары тармагына ээ өлкөлөрдүн бирине айландырдык"
Израиль күчтөрү Сириянын түштүгүндө рейд жүргүздү
Түндүк Кореянын Орусиядагы заводдорго миңдеген жумушчуларды жөнөткөнү айтылууда
Конго Демократиялык Республикасында эболадан каза болгондордун саны 3577ге жетти
Пакистанда мечитке жакын жерде жардыруу болду: 15 киши каза болуп, 50дөн ашык киши жаракат алды
Скандинавия аба жолдору Израилге каттамдарды кайрадан жандандыруу планын жокко чыгарды