ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
БУУнун баш катчысы 17 жылдан кийин Дамаскка барды
Антониу Гуттереш Сириядагы өткөөл процессти колдоо жана администрация менен жолугушуу үчүн өлкөгө карата үч күндүк сапарын баштады.
БУУнун баш катчысы  17 жылдан кийин Дамаскка барды
Антониу Гутерриштин сапары — Бан Ки Мун 2009-жылы Дамаскка баргандан берки БУУнун башкы катчысынын алгачкы сапары. (Reuters архиви)

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерреш ишемби күнү Дамаскка барды. Бул сапар Сириянын Асаддан кийинки өткөөл мезгилде эл аралык коомчулук менен кайрадан байланышта экендигин билдирет.

Гутеррешти Дамаск эл аралык аэропортунан Сириянын тышкы иштер министри Асад аш - Шайбани тосуп алды.

Гутеррештин үч күнгө созула турган сапардын алкагында президент Ахмед аш - Шара, жогорку мартабалуу жетекчилер, жарандык коомдун өкүлдөрү жана өлкөдө жаңы түзүлгөн убактылуу парламенттин мүчөлөрү менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Бул сапара Пан Ги Мундун Сириядагы жарандык согуш башталгандан эки жыл мурун 2009 - жылы Дамаскка барышынан берки БУУ жетекчисинин аталган өлкөгө жасаган биринчи сапары болууда.

Эскерте кетсек куралдуу кагылышууларда жарым миллиондон ашуун адам каза болуп, миллиондогон жарандар жер которууга аргасыз болгон. Ал эми режимдин мурдагы лидери Башар Асад 2024-жылдын декабрында бийликтен кулатылган.

Сириянын өткөөл процессине колдоо

БУУнун Башкы катчысынын Сирия боюнча атайын өкүлү Клаудио Кордоне өлкөнүн тарыхындагы "чечүүчү мезгил" мүнөздөгөн процессте уюмдун Сириянын саясий өткөөл мезгилине жана кайра куруу аракеттерине колдоосун кайталашы күтүлүүдө.

Гутерриш өкмөт өкүлдөрү, жарандык коом уюмдары жана аялдар маселелери боюнча иштеген топтор менен жолугушат.

Бул жолугушуулар БУУнун мамлекеттик мекемелер менен гана чектелбестен, кеңири багытта кызматташууга даяр экенин баса белгилейт.

Күн тартибинде аймактык коопсуздук орун алууда

Гутерреш тин Израиль басып алган Голан дөңсөөлөрүндө иштеп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун бөлүнүүчүлүктү көзөмөлдөөчү күчтөрүнө барышы пландаштырылууда.

БУУнун тынчтык күчүнүн аскерлери 1974-жылдан бери Сирия менен Израилдин ортосундагы ок атышууну токтотуу линиясын көзөмөлгө алууда.

Бул сапар Сирия эл аралык коомчулук менен мамилелерди калыбына келтирүүгө жана өлкөдө он жылдан ашык убакыттан бери чыр-чатактан жана саясий башаламандыктан кийин туруктуулукка жетүүгө умтулуп жаткан учурга туш келди.

Иликте
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди
Түркия Жер Ортолук деңизиндеги байыркы шаарда 2000 жылдык негизги жолду ачыкка чыгарууда
БУУ:2026-жылдын биринчи жарымында Россия-Украина согушунда карапайым калктын өлүмү 37% өстү
Дүйнөлүк башаламандык шартында АСЕАН биримдикке чакырган маанилүү саммит баштады
Лавров Түндүк Кореянын Тышкы иштер министри  Цой Сон Хи менен жолугушту
АКШ Иранга каршы жаңы чабуулдарды баштады жана Иранда көптөгөн жарылуулардын болгону билдирилди
Түркия: "90 жылдан бери Монтрё кысыктары конвенциясын кылдаттык менен ишке ашырып келе жатабыз"
Президент Эрдоган: "Биз Кипр түрк элин эч качан адилеттүү күрөшүндө жалгыз калтырбайбыз"
Түркия ТКТРнын кызыкчылыктарын коргоону улантарын билдирди
Хакан Фидан: «Каалообуз эртерээк Иран менен Американын  келишимге кайтып келиши»
АКШнын Иранга карата жасаган чабуулдары 9-түнүндө улантылды
Дүйнөлүк кубоктун ээси Испания
Тышкы иштер министри Фидан катардык кесиптеши менен жолугушту