Түркиянын маанилүү кышкы туризм борборлорунун бири Улудаг тоосунда күздүн түстөрү үстөмдүк кылды.
Бурса шаарында жайгашкан Улудагда күздүн сары, кызгылт сары жана күрөң түстөрүнө бөлөнгөн бак-дарактар, чокуга жааган кар менен бирге укмуштуудай көрүнүштөрдү жаратты.
СУНУШТАЛАТ
Шаардын борборунан Улудаг тоосуна чыгуу үчүн ийри-буйру жолдорду колдонгон коноктор күздөн кышка өтүп бараткандай сезишүүдө.
Тоонун этегиндеги күздүн түстөрү бийиктикке чыккан сайын кардын ак түсүнө айланууда.






















