ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Пезешкиан: Израиль-АКШ согушу заводдорго зыян келтирип, мунай сатууну азайтты
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан мунай сатуунун азайышынан, заводдордун бузулушунан жана импорттун кымбаттыгынан улам экономикалык кыйынчылыктардын күчөгөнүн билдирди.
Пезешкиан: Израиль-АКШ согушу заводдорго зыян келтирип, мунай сатууну азайтты
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан мунай сатуунун азайышы Ирандын мамлекеттик кирешесин алсыратканын билдирди. [Архивдик сүрөт] / AP

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан АКШ жана Израиль менен болгон согуштан бери Ирандын экономикалык көйгөйлөрү кескин начарлаганын айтты.

Иран маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда Масуд Пезешкиан бир жыйын учурунда жасаган билдирүүсүндө баалардын жогорулашы импорттук чыгымдардын өсүшү жана мунай сатуунун азайышынан улам келип чыкканын билдирди.

Пезешкиан мурун импорттолгон товарлардын Иранга түз каттамдар аркылуу киргенин бирок азыр болсо узун жана кымбат жолдор менен келип мунун баалардын жогорулашына алып келгенин айтты.

Өзгөчө Иран мурдагыдай мунай сатпай калгандыктан азайган мунай сатуунун кирешени төмөндөткөнүн баса белгиледи.

Пезешкиан: “Кирешебиз да азайды. Мурун мунай сатчубуз, эми сата албай жатабыз”,- деди.

Ирандык лидер, Израиль - АКШ кол салуулары учурунда бир нече өнөр жай объекттердин талкаланышы да экономикалык кыйынчылыктарды алып келгенин белгиледи.

Израиль менен АКШнын Иранга каршы согушу

АКШ менен Израилдин 2026 - жылдын 28 - февралында Иранга карата кол салууларында диний лидер Али Хаманей каза болду. Кол салуу башка башкаруучулар менен аскердик жана инфраструктуралык объектилерди бутага алды.

Иран болсо бул кол салууларга Израилге, АКШнын базаларына жана аймактагы объекттерге ракеталар жана дрондор менен жооп кайтарды. Ирандык жетекчилер өзгөчө 3 500дөн ашуун адамдын каза болгонун билдиришти.

Иран Ормуз кысыгындагы жол кыймылын олуттуу түрдө үзгүлтүккө учуратты. Дүйнө жүзү боюнча маанилүү мунай жолу болгон кысыктын жабылышы деңиз транспортун дээрлик токтотту.

Бул үзгүлтүк тарыхый мунай камсыздоосуна сокку уруп, Brent мунайынын баррелинин баасын мезгил-мезгили менен 100 доллардан ашырып, транспорт жана камсыздандыруу чыгымдарын көбөйттү.

Кризис дүйнөлүк сооданы үзгүлтүккө учуратты, инфляциялык басымды күчөттү жана дүйнө жүзү боюнча экономикалык өсүштүн басаңдашы боюнча кооптонууларды күчөттү.

Иликте
ЦРУ Израилдин Иран Трампка каршы кутум уюштурган деген билдирүүсүнөн күмөн санап жатат
Латвияда аба мейкиндигин бузган дрон НАТОнун согуштук учактары тарабынан атып түшүрүлгөнү билдирилди
Индияда курулуп  жаткан туннелди суу каптап, 7 адам каза болуп, 10 адам жаракат алды
Нигерияда шахта урап, тогуз адам каза болду
Египеттеги соода борборундагы жарылуудан үч адам каза болуп, 17 адам жаракат алды
Ирак делегациясы "эки тараптуу коопсуздук маселелерин сүйлөшүү үчүн" Сауд Арабиясына барды
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Ниязбеков Түркияга сапар жасады
Орусия менен Украина каза болгон жоокерлердин сөөктөрүн алмашты
Немрут тоосунда күндүн батышына кызыгуу
Алихан Куриш кылмыш уюмуна каршы операция
Түркия 2027-жылдын алгачкы айларында Ай аппаратын космоско учурат
Грецияда бир жуманын ичинде Батыш Нил вирусунун 45 жаңы учуру катталды
Ирандын тышкы иштер министри Франциянын адам укуктарына байланыштуу билдирүүсүнө жооп берди
Иран: "Ормуз кысыгы биздин шарттар кабыл алынмайынча ачылбайт"
Орусиянын президенти Путин Курил аралдарына барды