Бельгиянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Максим Прево европалык компаниялар барган сайын жакын жана ишенимдүү өнөктөштөрдү издеп жатканын белгилеп, Түркиянын өндүрүштүк кубаттуулугу, өнөр жай тажрыйбасы жана коңшу рыноктор менен байланыштары Европанын жеткирүү чынжырларын туруктуу кылууга жардам берерин билдирди.
Прево бул тууралуу Брюсселде Тышкы экономикалык байланыштар кеңеши (DEİK) жана Европа бизнес саммити (EBS) биргелешип уюштурган Түркия–Европа Биримдиги бизнес саммитинин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө айтты.
Миллиондогон европалыктардын түрк тектүү экенин эске салган Прево Бельгиядагы түрк коомчулугу муундан муунга Түркия менен тыгыз байланышын сактап, өлкөнүн коомдук турмушуна салым кошуп келгенин белгилеп:«Биздин байланыштарыбыз узак мөөнөттүү бизнес өнөктөштүккө негизделген», — деди.
Прево Түркия НАТОдогу экинчи ири армияга ээ өнөктөш катары континенттин түштүк-чыгыш канатын коргоп жатканын эске салды. Ошондой эле Түркиянын Европа Биримдигине талапкер өлкө экенин жана Европаны, Азияны жана Жакынкы Чыгышты байланыштырган ири өнөр жай экономикасына ээ экенин баса белгиледи.
«Европалык компаниялар барган сайын жакын жана ишенимдүү өнөктөштөрдү издеп жатышат. Түркия өндүрүштүк кубаттуулукка, өнөр жай тажрыйбасына жана коңшу рыноктор менен байланыштарга ээ. Бул Европанын жеткирүү чынжырларын туруктуу кылууга жардам берет. Биздин мамилелерибиз бул жалпы кызыкчылыктарды так чагылдырышы керек», — деди Прево.
«Түркия — кеңири аймактагы рынокторго жол ачкан дарбаза»
Европанын жеткирүү чынжырларын бекемдеп, алардын туруктуулугун камсыз кылышы керектигин белгилеген Прево Түркиянын бул багытта маанилүү роль ойной турганын айтты.
«Европалык компаниялар продукцияларын кайда өндүрүүнү жана аларды кайдан алууну кайра карап жаткан учурда Түркия маанилүү роль ойнойт. Түркия өнөр жай өнөктөшү гана эмес, кеңири аймактагы рынокторго жол ачкан дарбаза да болуп саналат. Биз бул жакындыкты, айрыкча Европа стратегиялык көз карандылыгын азайтууга тийиш болгон тармактарда натыйжалуу пайдаланышыбыз керек», — деди ал.
Бельгия да бул аракеттерге салым кошууну каалай турганын билдирген Прево биргелешкен долбоорлор, инвестициялар жана өнөр жай кызматташтыгы аркылуу өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнү максат кылышарын белгиледи.
«Кийинки жумада Түркия менен тышкы иштер, юстиция жана ички иштер тармактарындагы кызматташтыгыбызды талкуулоо үчүн Эгмонт сарайында үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөбүз», — деп кошумчалады Прево.























