Улуттук коргоо министрлигинин (MSB) басма сөз жана коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси жана катчысы контр-адмирал Зеки Актүрк министрликте өткөн жумалык басма сөз жыйынында басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.
Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакистин өткөн аптада Мейс (Кастелоризо) аралына болгон сапары тууралуу берилген суроого Актүрк коштоосундагы делегация менен Мейс аралына кирип бул жерде жайгашкан аскердик элементтер менен өткөргөн жолугушуунун министрлик тарабынан тыкыр көзөмөлдөнүп жатканын билдирип буларды айтты: «1947-жылдагы Париж тынчтык келишимине ылайык Грецияга аскердик эмес статус менен берилген Мейс аралында аскердик элементтердин жана согуштук кемелердин болушу, ошондой эле аларды жогорку деңгээлдеги сапарлар учурунда коомчулукка көрсөтүү аралдын статусуна туура келбейт жана тынчтык менен туруктуулукка салым кошпойт. Түркиянын жээгине жакын жайгашкан Мейстин аскердик эмес статусуна каршы келген кырдаалды түзүү аракеттери эл аралык милдеттенмелерге туура келбейт жана Түркия кабыл албайт. Өлкөбүз Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинин тынчтык жана туруктуулук аймагы болушун, Түркия менен Грециянын карым - катнаштары жакшы коңшулук жана диалогдун негизинде өнүгүшүн колдойт. Бирок бул эл аралык келишимдерден келип чыккан укуктар менен милдеттенмелердин көз жаздымда калышына же аянтта де-факто кырдаалдын түзүлүшүнө уруксат берет дегенди билдирбейт”.
Актүрк Грецияны эл аралык келишимдердеги милдеттенмелерин аткарууга чакырып, Түркия Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңиздеринде диалогду колдоо менен бирге укуктары менен кызыкчылыктарын коргой турганын билдирди.



























