Тышкы иштер министри Хакан Фидан Сирияга расмий сапар менен барды.
Министр Фидан сириялык кесиптеши Эсад Хасан Шейбани менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйында төмөнкүлөрдү билдирди:
«Акыркы эки жылда Сирия менен Түркиянын ортосундагы мамилелер олуттуу өсүшкө ээ болду. Сирия Түркия менен гана эмес, дүйнө менен да мамилелеринде жаңы башталыш жасашы керек болчу. Эски Сириянын кетиши жана жаңы Сириянын келиши аймакка туруктуулук жана тынчтык алып келди. Сирия мамлекети жана өкмөтү аймактык өлкөлөр менен бардык тармактарда кызматташууну өнүктүрүү үчүн чоң аракеттерди көрүп жатат. Сирия күн сайын кемчиликтерин толутуруп, калыбына келип жатканын көрүп жатабыз. Биздин аймактагы бардык согуштар Сириядагыдай эле биринин артынан бири аяктайт.
Президентибиз жакынкы аралыкта Сирияга сапар пландаштырууда. Бул жагынан алганда, биздин сапарыбыз да маанилүү. Биз SDFтин өзүн-өзү таркатуусу жөнүндөгү декларациясын маанилүү жана баалуу деп эсептейбиз. Аны кечиктирбестен ишке ашыруу керек».





















