Бешикташ УЕФА Европа Лигасынын экинчи аптасындагы беттеште немис Хоффенхайм командасын 3:2 эсебинде утуп экинчи жеңишине жетишти.
"Рейн-Неккар-Аренада" өткөн беттештин биринчи жарымы голсуз аяктап, эки команда тең кийинүүчү бөлмөгө 0:0 эсебинде кирип кетишти.
Экинчи таймды натыйжалуу баштаган "Ак-каралар" 3:2 эсебиндеги жеңиши менен лига этабындагы упайын 6га жеткирди.
Бул "Бешикташтын" УЕФА Европа Лигасында ушул сезондо ойнолгон сегиз беттештеги жетинчи жеңиши болду.






















