Newsmax каналына маегинде бул тема боюнча суроого жооп берген Трамп күйүүчү майдын баасынын жогорулашына токтолуп: "Бул уят! Бутага алына турган башка көптөгөн жерлер бар", - деди.
Зеленскийдин кылганы дүйнөлүк мунай бааларын көтөрүү болгонун айткан Трамп, Украинанын лидери менен иштешүү Орусиянын президенти Владимир Путин менен иштешүүдөн да кыйыныраак деп ырастады.
СУНУШТАЛАТ
Трамп Украинанын президенти макулдашууга жетүүнү каалабаганын, жөн гана каалап жаткандай сыяктуу көрүнгөнүн айтты.
Бейшемби күнү Зеленский Трамп жарыялаган "энергетикалык ок атышпоого" каршы чыгып, Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна кол салуулар кайра башталаарын билдирген жана Трампты согушта "агрессорду" колдобоого чакырган.

























