Нигериянын түндүк-чыгышындагы Борно штатында террордук уюм Боко Харамдын аскердик базага жасаган чабуулунан 14 адам каза болду.
Улуттук маалымат каражаттарынын кабарына караганда, Боко Харамдын мүчөлөрү Борно штатынын Гузамала аймагындагы аскердик базага кол салышты.
Кол салууда 10 аскер жана 4 жайкын тургун каза болуп, көп сандаган адамдар жаракат алышты.
СУНУШТАЛАТ
2000-жылдардын башынан бери Нигерияда жүргөн Боко Харам 2009-жылдан бери жасаган массалык террордук кол салууларында он миңдеген адамдар көз жумуп, жүз миңдеген адамдар жер которууга аргасыз болду.
Террористтик уюм 2015-жылдан бери Нигериянын коңшу өлкөлөрү Камерун, Чад жана Нигерде да чабуулдарды жасаган. Ал эми Чад көлү бассейниндеги кол салууларынан кеминде 2000 адам каза тапкан.

























