Волынь облусунун губернатору Роман Романюк бейшемби күнү Россиянын дрон чабуулдарынан улам Польша менен чектеш аймакта 370 миң адам электр жарыгысыз калганын, чет элдик ишкана бутага алынганын жана эки адам жаракат алганын билдирди.
Улуттук полициянын маалыматына караганда, Украинанын борбордук бөлүгүндөгү Уман шаарында дрондор көп кабаттуу үйгө сокку уруп, дагы беш адам жаракат алды.
DTEK жеке энергетикалык компаниясы X платформасында Киевде Россиянын чабуулдарынан улам электр энергиясы авариялык түрдө өчүрүлгөнүн билдирди.
Польшанын Куралдуу күчтөрү чабуулдар учурунда өлкөнүн аба мейкиндигин коргоо үчүн согуштук учактарды абага көтөргөнүн маалымдады. Кийинчерээк жарыяланган билдирүүдө Польшанын аба мейкиндигин бузуу учурлары катталбаганы айтылды.
Энергетикалык инфраструктурага жаңы чабуулдар
12-октябрда Киев өкмөтү Россиянын Харьковдогу электр станциясына сокку урганын билдирди. Бул АКШнын президенти Дональд Трамп Москва менен Киев энергетикалык инфраструктурага чабуул жасоону токтотууга макул болгонун жарыялагандан кийин болду.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Украина сунушталган ок атышууну токтотуу демилгесин колдой турганын, бирок Россиянын келишимдин шарттарын аткарып жатканына азырынча далил көрө электигин айтты. Ал Вашингтонду Москваны ок атышууну токтотуу сунушун кабыл алууга жана аны аткарууга мажбурлоо үчүн кысым көрсөтүүгө чакырды.
Кремль эч кандай келишим түзүлгөнүн ырастаган жок, бирок тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн уланып жатканын билдирди.

























