Орусиянын вице-премьер-министри Александр Новак орусиялык мунай компаниялары АКШга дизелдик отун жеткирүүгө даяр экенин билдирип, алгачкы жеткирүүлөр келишимдерге кол коюлгандан кийин эң эрте дегенде 2-3 жуманын ичинде болушу мүмкүн экенин кошумчалады.
Александр Новак бул сөздөрдү Москвада өткөн Орусиянын энергетика жумалыгында журналисттерге айтты.
Орусиядан АКШга дизелдик отун жеткирүү боюнча комментарий берип жатып Новак: "Жеткирүүнү ишке ашыруу үчүн келишимге кол коюлушу, күйүүчү майдын жүктөлүшү, кеменин ижарага аланышы жана керектөөчүгө жөнөтүлүшү керек. Мунун баары 2-3 жумага созулат. Ошондуктан келишимдерге тезирээк кол коюу зарыл", - деди.
Александр Новак: "Компанияларыбыз жеткирүүнү баштоого даяр. Учурда коммерциялык шарттар боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат" деп кошумчалады.
Башка өлкөлөрдүн да орусиялык дизелге кызыгып жатканын айткан Новак АКШга сатыла турган дизелдин баасы рыноктук шарттарга жарашабы же арзандатуу менен аныкталабы деген суроого: "Бул соода сүйлөшүүлөрүнүн темасы", - деп жооп берди.

























