АКШнын Президенти Дональд Трамп "Fox News" телеканалына берген билдирүүсүндө Ирандын жогорку мартабалуу жетекчилери АКШнын чабуулдарын токтотууну сурануу үчүн өзүнө түз телефон чалышканын айтты.
Трамп менен Тегеран бийлигинин ортосундагы сейрек кездешүүчү түз байланыштардын бири катары каралган бул сүйлөшүү АКШ президентинин Вашингтондун күн ичинде Иранга каршы "катуу" чабуул жасалганын айткан учурда ишке ашты.
Трамп Fox News каналына АКШнын операциясына 49 "Томагавк" ракетасы, ошондой эле радар жана абадан коргонуу системаларын бутага алган согуштук учактардын катышканын айтты.
Ракеталардын Тегерандан 65 километр алыстагы жерлерди жана Ирандын Перс булуңунун жээгиндеги түштүк-батыш тилкесинде жайгашкан аскердик позицияларына сокку урганы маалымдалды.
Трамп Тегеран уланып келе жаткан кризисти токтото турган келишимге кыска убакытта кол койбосо АКШнын аскердик кадамдары ылдам күч алууга даяр экени боюнча эскертти.
Fox News билдиргенине караганда Трамп келишимге жетишилбесе бомбалоонун эртең кечинде да уланарын айтты.
Тегеран Американын дооматтарды четке какты
Fox News кабарчысы Трей Ингст Трамп менен Кырдаалдык бөлмөдө сүйлөшкөнүн билдирди. Ингсттин айтымында, сүйлөшүү учурунда бөлмөдө вице-президент Жей Ди Вэнс менен бирге АКШнын расмий өкүлдөрү Стив Виткофф жана Жаред Кушнер да болгон.
Ингст X эсебинен жасаган билдирүүсүндө Трамптын ага мунун "дүйнө тарыхындагы эң көп бузулган ок атышууну токтотуу" экенин айтканын билдирди.
Иран болсо Трамптын "Ирандын расмий өкүлдөрү өлкөгө каршы багытталган бомбалоолорду токтотууну суранышты" деген дооматтарын "жалган" деп мүнөздөдү.
Ирандын мамлекеттик телеканалы жогорку мартабалуу ирандык жетекчиге шилтеме жасап, Трамптын сөздөрү АКШнын Тегеран менен тирешүүдөн баш тартуусун жашыруу максатында айтылганын билдирди.
Бул билдирүүлөр АКШнын Ирандын түштүгүнө жасаган чабуулдарынан жана Ирандын буга жооп катары Американын аймактагы аскердик базаларын бутага алуусунан улам чыңалуу эң жогорку чегине жеткен учурга туш келди.
Ирандан АКШга “аймак тозокко айланат” деген эскертүү
Иран Ормуз кысыгынын тегерегиндеги чыңалуудан улам бул аймак АКШ үчүн "тозокко" айланарын эскертти.
"Mehr" маалымат агенттигинин билдирүүсүндө Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (ИРСК) Аэрокосмостук күчтөрүнүн командири Сейид Межид Мусави "ыйык Ормуз кысыгына" карата коркунуч жаратуу аракеттерине каршы эскертүү берди.
Мусави: "Эгерде Ормуз кысыгынын коопсуздугуна коркунуч келтире турган болсоңор, Ирандын төрт тарабынан аймакты силер үчүн тозокко айландырабыз”,- деди.
Мусави эскертүүнүн айактагы"америкалыктардын тайманбастыгына" жооп катары берилгенин айтты.
Буга чейин Революция сакчылары коркупу Кувейттеги "Али ас-Салим" жана "Ахмед ал-Жабир" авиабазалары, ошондой эле Бахрейндеги "Шейх Иса" аскердик базасында жайгашкан АКШнын 18 ири аскердик объектиси соккуга учураганын жарыялаган.














